Биз менен байланышыңыз

Президент музейдеги көргөзмөнү «аялдарды кемсинтүү» деп сыпаттады

Кыска кабар | 25 Дек 2019 | 584 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков феминнале көргөзмөсүндө жылаңач аялдын музейде чыгарылышын Кыргызстанда аялдарды кемсинтүү деп эсептеди.

Бул тууралуу өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Кабар агенттинин журналистинин суроосуна жооп берип жатып айтты.

Феминизм боюнча суроо оор маселе болгонун, коомду экиге бөлгөнүн Сооронбай Жээнбеков белгиледи. Тарыхта кыргыз аялзаты ак элечек менен, каада-салттын негизинде, Ислам шариятына туура келген кийимчен, ыйман менен жүргөн, деди өлкө башчысы.

Туура эмес иш болду. Аял бул эне, өмүрлүк жар, эже-карындаш. Мен муну туура көрүнүш деген айрым саясатчылардын пикирлерин да окудум. “Кыргыздын салтында кийими жок аял байланган төөнү чечкен “төө чечмей” деген болгон деп айтып жатышат. Бул туура эмес. Бул ачык эле мазактоо, — деди мамлекет башчысы.

Copyright © 2017 Maral FM