Биз менен байланышыңыз

Президент Матраимов жана бажыдагы коррупция тууралуу айтты

Кыска кабар | 25 Дек 2019 | 1584 | 0

«Бажы тармагындагы капчыктардын жоюлушуна кызыктармын» . Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Ал бажыдагы коррупция фактыларына чара көрүү тууралуу журналисттин суроосуна жооп берип жатып, бажы тармагы илгертен майлуу-сүтүү тармак экенин, ошондуктан ал жерде коррупция сөзсүз болорун белгилейт.

-Ал жерде чоң каражат айланат, келет.  Чоң каражат айланган жерде коррупция бар. Бажы кызматы биз эгемендүү болгондон баштап эле жемкорлордун уюгу болуп келген. Ар бир президенттин учурунда мындай тармакта өзүнүн «капчыктары» болуп келген. Аларды жоюу менин максатым, мен тарыхты жакшы билем.

Жээнбеков өзүнө чейинки президенттин саясий технологдору Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовду коррупциянын символу катары көрсөтүп, өзүнө байланыштырып жатканын кошумчалады.

-Райымбек Матраимов жөнүндө айтып жатасыңар, бажыда ал өңдүү жемкорлор ондоп эмес жүздөп саналат. Мага чейинки жылдары башкарган президенттин саясий технологдору Матраимовду коррупциянын символу кылып көрсөтүп туруп, мага жапкысы келип жатат. Азыр мына мен да кызыктармын аны аягына чыгарганга. УКМнын алдында атайын тергөө топ түзүлүп иштеп жатат, аны мен да карап турам, ага убакыт керек. УКМК мен талап кылган жүйөлүү фактылардын артынан түштү.

Жээнбеков ошондой эле бажыдагы коррупция тууралуу жазган ММКларга ыраазычылык айтып, бирок анда айтылган фактыларды юридикалык жактан бекемдөө керектигин, далилдөө керектигин билдирди.

-Ошол процесс азыр жүрүп жатат. Менин маалыматым боюнча, эки депутат УКМКга сурак берди, Матраимов берди, Ширин Айтматова келди. Ишти тергөө жүрүп жатат. Күрөш жүргүзүп жатам.

Райымбек Матраимов кызматтан 23-ноябрда кеткенин, өзү 24-ноябрда кызматка келгенин айтып, бирок учурдагы президент катары баарын көзөмөлдөөгө убада берди.

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбековмаалымат жыйын берүүдө. Маалымат жыйынга 188 журналист келген. Анын ичинен 160ы республикалык ММКдан жана 28 журналист 15 чет элдик ММКдан.

Маалымат жыйынын КТРК жана «Ала-Тоо 24» каналы түз эфирде көрсөтүп жатат, ошондой эле аталган каналдардын You Tube жана Facebook баракчаларында көрсөтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM