Биз менен байланышыңыз

Президент: Аймактарга 38 млрд сомдон ашык жеңилдетилген насыя берилди

Кыска кабар | 25 Дек 2019 | 375 | 0

Кыргызстанда акыркы 2 жылда аймактарды өнүктүрүү боюнча 38 млрд сомдон ашык жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн журналисттер менен өтүп жаткан маалымат жыйында сүйлөп жатып айтты.

Бийлик акыркы жылдары аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасап жатканын өлкө башчысы айтты.

Маселен региондорду тикелей каржылоонун насыялык лимити 1 млн доллардан 200 мин долларга төмөндөтүлдү. Ачара кооперативдерине, соода логистикалык борборлордо салык боюнча абдан көп жеңилдиктер берилген, — деди өлкө башчысы.

Кайра иштетиүү кошумча нарк салыгынан 80 пайызга чейин бошотулган. Жаңы ачылган аймак өндүрүш ишканалар салыктын бир катар түрлөрүнөн: сатуу, пайда, жер жана мүлк салыгынан 5 жылга бошотулганын президент кошумчалайт.

Copyright © 2017 Maral FM