Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-казак чек арасындагы негизги өткөрмө бекет жабылат

Кыска кабар | 25 Дек 2019 | 858 | 0

2020-жылдын январь айынан тарта кыргыз-казак чек арасында жайгашкан негизги делген «Кордай» жана «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрмө пункттары оңдоо иштери үчүн жабылат. Эл аралык деңгээлде реконструкцияланат.

Бул тууралуу вице-спикер Мирлан Бакиров бүгүн, 25-декабрда Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.

Анын айтымында, 19-декабрда парламенттик топ Казакстандын депутаттары менен жолугушту. Казакстан оңдоо иштери үчүн 5 млрд 500 млн тенге, Кыргызстан 300 млн сом бөлүүнү пландап жатат.

Ал өткөрмө пункттардын жабылышы жарандарга, туристтерге ыңгайсыздык жаратарын айтып, өкмөткө альтернативдик жол табуу маселесин койду.

Мирлан Бакиров ал жерден 1 жылда 5 миллиондой калк, 1 миллиондой унаа өтө турганын айтты.

Copyright © 2017 Maral FM