2020-жылдын январь айынан тарта кыргыз-казак чек арасында жайгашкан негизги делген «Кордай» жана «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрмө пункттары оңдоо иштери үчүн жабылат. Эл аралык деңгээлде реконструкцияланат.
Бул тууралуу вице-спикер Мирлан Бакиров бүгүн, 25-декабрда Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.
Анын айтымында, 19-декабрда парламенттик топ Казакстандын депутаттары менен жолугушту. Казакстан оңдоо иштери үчүн 5 млрд 500 млн тенге, Кыргызстан 300 млн сом бөлүүнү пландап жатат.
Ал өткөрмө пункттардын жабылышы жарандарга, туристтерге ыңгайсыздык жаратарын айтып, өкмөткө альтернативдик жол табуу маселесин койду.
Мирлан Бакиров ал жерден 1 жылда 5 миллиондой калк, 1 миллиондой унаа өтө турганын айтты.