Биз менен байланышыңыз

Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Кыска кабар | 24 Дек 2019 | 401 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргызстандын айрым мыйзам актыларына, башкача айтканда Салык кодексине, «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө», «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 20-ноябрында кабыл алынган.

Аталган Мыйзамдын максаты — тигүү жана текстиль өнөр жайындагы киреше салыгы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча мыйзамдарды жакшыртуу.

Мыйзамга ылайык ушул мыйзам менен Салык кодексине жана «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» мыйзамына киргизилген толуктоолор жана өзгөртүүлөр 2024-жылдын 1-январына чейин колдонулат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM