Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жабыркагандардын абалы канааттандырарлык

Кыска кабар | 23 Дек 2019 | 613 | 0

Кыргыз-тажик чек арасында болгон чырдан улам жабыркагандардын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен бүгүн, 23-декабрда билдиришти.

Учурда Баткен облустук бириктирилген ооруканасынын травматология бөлүмүндө 3 адам дарыланууда. Алардын абалы – канааттандырарлык.

Жабыркагандардын бири (аскер кызматкери) Бишкектеги травматология жана ортопедия борборуна которулуп, бүгүн ага операция жасалат. Анын абалы – салыштырмалуу канааттандырарлык.

Жабыркагандардын экөөсү амбулатордук дарылануу үчүн ооруканадан чыгарылган.

Эскерте кетсек, 18-декабрда кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, Баткен облустук бириктирилген ооруканасына 6 киши (4 аскер кызматкери жана 2 жаран) жеткирилген. Алардын экөө (1 аскер кызматкери жана 1 жаран) октон жарадар болсо, төртөө ар кандай жаракат алган.

Copyright © 2017 Maral FM