Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Жолдор – бул экономиканын күзгүсү (сүрөт)

Кыска кабар | 19 Дек 2019 | 929 | 0

Жолдор – бул экономиканын күзгүсү. Алардын абалына жараша калктын жашоо деңгээлине баа берилет, деп билдирди Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев Ош шаарындагы оңдоп-түздөөдөн өткөн Шакиров көчөсүнүн ачылыш салтанатында.

«Каттам бар жерде, багыт бар. Бул өлкөнүн өнүгүү жолу. Социалдык чөйрөнү жакшыртуу менен биз калкка кам көрөбүз. Жолдорду эле алсак. Көз карандысыздыкты алган убакыттан баштап 2010-жылга чейин өлкөдө болгону 661 чакырым жол курулду. Ал эми ушул жылы 700 чакырымдан ашык каттам салынды. Анын 416 чакырымына асфальт төшөлдү», — деди премьер-министр.

Узундугу 2,5 км болгон Шакиров көчөсүн оңдоо ушул жылдын июнунда башталган. Долбоордун жалпы сметалык баасы 120 млн сом. Жол бардык тиешелүү инфраструктурасы менен курулган – эки тарабы тротуар, арыктар жана жарыктандыруу орнотулган, коомдук унаа токтоочу жерлер бар.

Copyright © 2017 Maral FM