Биз менен байланышыңыз

Өкүлдөр палатасы Трампка импичмент жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Дек 2019 | 902 | 0

АКШ Конгресси президент Дональд Трампка 2 айыптоонун негизинде импичмент жарыялоо демилгесин кабыл алды.

Биринчиси – кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу болсо, экинчиси – Трамп өзүнүн ишмердүүлүгүнө иликтөө жүргүзүүгө тоскоолдук жаратты деген кинелердин натыйжасында жүргүзүлгөн импичмент жарыялоо аракети Өкүлдөр палатасы тарабынан кабыл алынды.

Мыйзам кабыл алуучулардын 230у колдоп, 197си каршы болгон.

Чечимдин ушундай таризде чыгары алдын ала белгилүү болчу. Себеби Өкүлдөр палатасын Трампка импичмент жарыялоо демилгесин колдогон демократтар басымдуулук кылат.

Эми документ республикачылар үстөмдүк кылган Сенатка жөнөтүлөт. Сенат президентти кызматтан четтетип же четтетпөөнү чечет. Байкоочулар импичменттин жактоочулары Сенатта керектүү сандагы добушту ала алышпайт деп болжолдоп келишет. Себеби Сенатта 100 орундун 47син гана демократтар ээлейт. Ал эми көпчүлүктү түзгөн республикачылар мурдагыдай эле Трампты колдоп келишет.

Copyright © 2017 Maral FM