Транспорт жана жолдор министрлиги 2020-жылы үч жолдун долбоорун ишке ашырууну көздөйт. Алар:
- «Балыкчы -Каракол-Балыкчы» айланма унаа жолу
Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Түп — Каракол жолун калыбына келтирүү долбоордун концепциясын төмөнкүдөй шарттар менен кабыл алды:
Жолдун узундугу: 36 км
Долбоорго каралган каражат 52,1 млн. АКШ доллар;
ЕРӨБ тараптан каржылоо 46,2 млн. АКШ доллар;
КР Өкмөтү тараптан каржылоо 4,8 млн. АКШ доллар.
Зайым мөөнөтү 20 жыл;
Жеңилдик мөөнөтү 5 жыл;
Грант элементи 35.14%
Учурда арыз даярдоо боюнча жана техникалык-экономикалык негиздемени (ТЭН) бекитүү боюнча иштер жүрүүдө. Жакынкы мезгилде Экономика министрлигинин ТЭНи макулдашуу жол-жобосу жана Өкмөттүн Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин жыйынына документтерди даярдоо башталат.
- Арал-Суусамыр жолу
Узундугу: 79,6 км.
Донор: Евразия Өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ)
Долбоордун жалпы наркы: 120,76 млн. АКШ доллары
ЕАӨБ: 96,61 млн. АКШ доллары;
КР Өкмөтү: 24,15 млн. АКШ доллары.
- Бишкек шаарын түндүк жагынан айланып өтүүчү автожолдун долбоору
Жолдун бөлүмдөрү:
- Бишкек — Нарын – Торугарт унаа жолунун 0 — 9 км
- Алматы-Бишкек-Ташкент унаа жолунун 230 — 255 км
Жалпы узундугу: 34 км
Азия Өнүктүрүү Банкы тарабынан тандалган эксперттеринин тобу, долбоордук документтерди даярдоо боюнча иш алып барууда. Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемелери бүтүү алдында турат. Азыркы учурда, техникалык-экономикалык негиздеме бекитүү жана колдонуу даярдоо боюнча жумуш жүрүүдө. Учурда АӨБ ички тартиби боюнча бул долбоор курулуш иштери үчүн гранттык жана кредиттик каражаттар алдын ала суммасын бекитүү каралып жатат.
Ал эми Транспорт жана жолдор министринин орун басары Бакыт Бердалиев белгилегендей, «Бишкек – Кара-Балта» жолунун курулушу 2020-жылдын күз айларында аяктайт. Жол астындагы коммуникациялар убагында которулбаганына байланыштуу жана карьерлерди чечип берүүдө маселелер жаралгандыктан, иш кечиктирилүүдө.
Мындан сырткары, «Бишкек – Кара-Балта – Чалдыбар» альтернативалык жолун куруу пландалууда.
Ошондой эле, «Бишкек-Ош» жолунун 110-115-чакырымында альтернативалык тоннель куруу каралууда. Анын сметалык баасы 230-240 млн доллардын тегерегин түзөт. Тоннель үчүн акы алынат, болжол менен 10 долларды түзүшү мүмкүн.
— Учурда анын техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгууда. Долбоорду мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу жүзөгө ашыруу пландалууда. «Бишкек – Кара-Балта» жолунда оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткандыктан, жол тыгындары пайда болууда. Андыктан альтернативалык жол куруу демилгеленүүдө. «Бишкек – Кара-Балта – Чалдыбар» жолу Токмок шаарынан башталып калышы мүмкүн. Аны темир жол менен Чоң Чүй каналын бойлой салабыз. Учурда долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесине каражат каралууда. Жолго болжол менен 300-500 млн доллар сарпталат. Аталган долбоор да мамлекеттик-жеке өнөктөштүгү аркылуу ишке ашырылат. Узундугу 90-100 чакырым болгон жолго акы алынат. Буга кошумча, Алмата шаарынан Чолпон-Атага чейин жол куруу боюнча казак тарап менен сүйлөшүп жатабыз. Жолдун узундугу 184-286 чакырымга чейин болушу мүмкүн.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстан эгемендик алгандан бери жолдорго 2,5 млрд доллар сарптаган. Көз карандысыздык жылдары 5 эл аралык коридор курулган.