Биз менен байланышыңыз

Түркия Ливияга аскерлерин жана аскердик техникаларды жөнөттү

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Дек 2019 | 910 | 0

Түркия Ливияда аскердик-саясий кийлигишүүсүн арттырууга даярданууда. Ушул себептен Трипполиде өлкөнү башкарып жаткан Улуттук кеңеш деп аталган өкмөттү коргоо үчүн аскердик кенешчилерин жана атайын даярдыктагы аскерлерди жөнөттү.

Бул тууралуу Al-Arabiyа телеканалы билдирди.

Араб телеканалы билдирген булактарда Ливиянын борборун көзөмөлдөп жаткан күчтөр Анкарадан аскердик техника сураган. Ушундан улам, Анкара Трипполиге аскердик техникаларын жөнөтүүгө үлгүргөн.

Мындан мурдараак Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган Улуттук кенеш өкмөтүнө жардамын аябай тургандыгын билдирген. Анын ичинде жоокерлерди жөнөтүү боюнча да убадасын берген. Эрдоган Ливиянын улуттук армиясынын колбашчысы Халифу Хафтаруну өлкөнүн мыйзамдуу лидери деп эсептебейт.

Эскерте кетсек, Ливия 2011-жылы өлкөнү көп жылдар бою башкарган Муаммар Каддафи өлтүрүлгөндөн кийин бирдиктүү мамлекет болуудан калган. Өлкөдө кош бийлик пайда болуп, чыгышта башында маршал Халиф Хафтар менен кызматташкан бүткүл эл тарабынан шайланган парламент жетекчилик кылса, Трипполи шаары жайгашкан өлкөнүн батыш бөлүгүн БУУ жана ЕБ колдогон Улуттук кеңеш өкмөтү башкарып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM