Биз менен байланышыңыз

Бокс: Азат Үсөналиев дүйнө Кубогу мелдешинин финалына чыкты

Кыска кабар , Спорт | 14 Дек 2019 | 647 | 0

Бокс боюнча мунай өндүрүүчү мамлекеттердин дүйнө Кубогу мелдешинде кыргызстандык мушкер Азат Үсөналиев финалга чыкты.

52 кг салмакта күч сынашып жаткан Азат бүгүн мелдештин алтын байгеси үчүн эквадорлук Луис Дельгадо менен күч сынашат.

Кыргызстандык мушкер кечээ жарым финалда атаандашы дагестандык (Орусия) Расул Жааевди утуп алды. Калыстар жеңишти бир добуш менен Азатка берген. Чейрек финалда өзбекстандык Достон Ходжаевди 5:0 эсебинде уткан.


Мушкер Азат Үсөналиев дүйнө Кубогу мелдешинин жарым финалына чыкты


Ал эми 8/1 финалда азербайжандык мушкер Ядигар Алиевди жеңип алган болчу.

Эскерте кетсек, мунай өндүрүүчү мамлекеттердин дүйнө Кубогу мелдеши Орусиянын Белоярск шаарында өтүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM