Биз менен байланышыңыз

Мушкер Азат Үсөналиев дүйнө Кубогу мелдешинин жарым финалына чыкты

Кыска кабар , Спорт | 13 Дек 2019 | 589 | 0

Бокс боюнча мунай өндүрүүчү мамлекеттердин дүйнө Кубогу мелдешинде кыргызстандык мушкер Азат Үсөналиев бүгүн жарым финалда күч сынашат. Анын атаандашы орус мушкери Расул Жааев болмокчу.

Бул тууралуу бокс федерациясы кабарлады.

Азат Үсөналиев кечээ чейрек финалда өзбекстандык Достон Ходжаевди 5:0 эсебинде уткан.

Мелдеш Орусиянын Белоярск шаарында өтүп жатат. 52 кг салмакта күч сынашып жаткан Азат Үсөналиев буга чейин 8/1 финалда азербайжандык мушкер Ядигар Алиевди жеңип алган.

Copyright © 2017 Maral FM