Биз менен байланышыңыз

Самигуллина: Жугуштуу эмес оорулар калктын өлүмүнүн 76,8% түзөт

Кыска кабар | 13 Дек 2019 | 484 | 0

Кыргызстанда дүйнөдөгү башка көптөгөн өлкөлөр сыяктуу эле, жугуштуу эмес оорулар калктын эмгекке жарамсыз болушунун, ооруга чалдыгышынын жана мезгилден эрте өлүмгө учурашынын негизги себеби болуп саналат. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан иштелип чыккан жугуштуу эмес оорулардын өсүү тобокел факторлорун эпидемиологиялык көзөмөлдөө боюнча STEPS –изилдөөсүнүн маалыматтарына караганда жугуштуу эмес оорулар Республиканын калкынын өлүмүнүн 76,8% түзөт.

Жугуштуу эмес оорулар тобокелинин негизги факторлору  25 жаштан 64 жашка чейинки курактагыларынын арасында кеӊири жайылганын шарттайт. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин  VI чакырылышынын депутаты жана дарыгер Альфия Самигуллина бүгүн, 13-декабрда Бишкекте жугуштуу эмес оорулардын тобокел факторлорун жана анын кесепеттерин азайтуу концепциясын киргизүү боюнча өткөн тегерек столдо билдирди.

Коомдук саламаттыкты сактоо стратегияларынын бири – алкоголдук ичимдик, наркомания, аз кыймылдуу жашоо образы, тамеки чегүү, туура эмес тамактануу жана ашыкча салмак күтүү сыяктуу көйгөйлөргө байланыштуу социалдык жана физикалык терс натыйжаларды кыскартууга багытталган кесепеттерди азайтуу концепциясы болуп саналат.

[tps_title]

[/tps_title]

Copyright © 2017 Maral FM