Биз менен байланышыңыз

Армяндардын геноцидин таануу тууралуу резолюция кабыл алынды

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Дек 2019 | 640 | 0

Америкалык сенат бир добуш менен 1915-жылы Осмон империясынын армяндарга карата түрктөр тарабынан геноцид (кыргын) болгонун тааныган резолюцияны кабыл алды.

-Бул — узак убакыттан бери артка жылдырылып келаткан чындыктын өз баасын алышы болду, — деп билдирди республикачыл сенатор Тед Круз.

Ал эми Боб Менендес аттуу демократ сенатор көптөн бери эле армяндардын кыргынын таануу тууралуу резолюцияны кабыл алуу керектигин айтып келген. Бирок анын бул аракеттерине башка сенаторлор бут тосуп келишкен.

Ноябрь айында республикалык партиянын сенаторлору Линдси Грем жана Девид Пердью бул резолюцияны кабыл алууга каршы чыгышкан. Эреже боюнча кайсы сенатор болбосун, резолюцияны сунуатаганга же аны алып салганга укугу бар. Ал эми бейшемби күнкү талкуда эч ким резолюцияга каршы чыккан эмес.

Октябрь айында армяндардын геноцидин таануу резолюциясы конгресстин Өкүлдөр палатасынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынган.

Түркия бийлиги төмөнкү палатанын бул чечимин түрк эли үчүн пайдасыз жана улуттун ар намысына шек келтирген доомат деп эсептейт. Түркия 100 жыл мурунку трагедиялык окуяларды таануу аракеттерине караманча каршылык көрсөтүп келет.

Резолюцияда АКШ армяндардын кыргынын расмий таанып, аларды эскерүү керек деген пикир жазылган.

Армяндардын кыргынын расмий таануу үчун конгресстин эки палатасы тең колдоп, президент тарабынан кол коюлушу керек.

Жазында президент Трамп өзүнүн билдирүүсундө армяндардын массалык өлтүрүүсүн геноцид деп атаган эмес. Андан мурунку президент Барак Обама да “геноцид” деген сөздү айтуудан качып, тайсалдап турган.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян АКШ тарабынан резолюциянын кабыл алынышын тарыхый окуя деп баалады.

Ал эми Түркия элчилиги бул резолюциянын укуктук негизи жок экенин айтып, Анкара менен Вашингтондун мамилелелерин бузууга багытталган провакация катары баалады.

Тарых бул резолюцияларды АКШ конгрессинин кээ бир мүчөлөрүнүн жоопкерчиликсиз аракети катары эстеп калат, — деп Твиттердеги баракчасына Түркия президентинин администрациясынын коомчулук менен иштөө бөлүмүнүн директору Фахреттин Алтун жазып чыккан.

Түркияга каршы санкциялар

Шаршемби күнү Сенаттын эл аралык амамилелер боюнча комитети Түркияга каршы санкция киргизүүгө добуш беришти. Эми мыйзам долбоору конгресстин жогорку палатасына алынып чыгат.

Бул чаралар Түркиянын орустардын зениттик-ракеталык с-400 аталышындагы комплекстерин сатып алып жаткандыгына байланыштуу көрүлүп жатат. Вашингтон бир канча жолу Орусиянын куралын сатып албоо керек экендигин Туркияга эскерткен.

Вашингтондогулар С-400 комплекси америкалык F-35 кыйртаткыч учактарына коркунуч жаратат деп ойлошот. Андан сырткары, Түркия НАТОнун мүчөсү болгондугунан, С-400дү сатып алуу альянстын мүчөлүгүнө туура келбейт деп эсептешет.

Жыйынтыгында, АКШ Түркияны башка батыш өлкөлөрү менен бирдикте өндүргөн F-35 кыйртаткыч учактары менен камсыз кылуусун токтотту.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM