Биз менен байланышыңыз

Билим берүү министрлиги шаардык, райондук билим берүү жетекчилери менен онлайн жыйын курду

Кыска кабар | 11 Дек 2019 | 667 | 0

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова  «Зомбулуксуз мектеп» программасынын алкагында аткарылып жаткан жумуштар боюнча Ош шаары жана Ош облусундагы билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери, мектептердин тарбия иштери боюнча директорлору жана социалдык педагогдор менен онлайн жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Алгач Ош шаары менен түз байланыш уюштурулуп, шаардагы билим берүү мекемелеринде «Зомбулуксуз мектеп» программасынын алкагында жыл ичинде жүргүзүлгөн тарбиялык иштер, программага жүргүзүлгөн анализдер боюнча маалымат берилди.

Андан кийин Ош облусундагы жети инновациялык мектеп менен онлайн жыйын улантылды. Ар бир мектептин жетекчилиги менен тобокелдик тобундагы балдарга кандай түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнү, социалдык педагогдордун компетенттүүлүгү, алардын жумушунда жаралган көйгөйлөр тууралуу талкуу жүрдү.

Министрлик онлайн түрүндөгү жыйындарды 17-декабрга чейин республиканын башка облустарындагы мектептердин тарбия иштери боюнча директорлорунун орун басарлары жана соцпедагогдору менен өткөрмөкчү.

Copyright © 2017 Maral FM