Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан — Грузия ТИМ башчылары 2020-2021-жылдарга кызматташуу программасына кол койду

Кыска кабар | 8 Дек 2019 | 403 | 0

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Грузиянын Тышкы иштер министри Давид Залкалиани менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат департаменти билдирди.

Тараптар ушул жылдагы эки тараптуу кызматташтыктын жыйынтыктарын чыгарышты жана алардын активдешүүсүн канааттануу менен белгилешти.

Министрлер 2020-жылга контакттардын графиги, анын ичинде, өз ара сапарларды уюштуруу боюнча пикир алмашты.

2020-жылы Бишкекте экономикалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-грузия өкмөттөр аралык комиссиясынын II-жыйынын өткөрүү жолу менен экономикалык байланыштарды активизациялоого басым жасоо аркылуу өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелердин бардык комплексин мындан ары интенсификациялоого тараптар ишеним билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыктары боюнча тараптар Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен Грузиянын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы 2020-2021-жылдарга кызматташуу программасына кол коюшту.

Copyright © 2017 Maral FM