Биз менен байланышыңыз

Тезтатымдардын коопсуздугу дагы деле коркунучта

Коом | 6 Дек 2019 | 1054 | 0

Бүгүн, 6-декабрда Бишкектин Сүйүмбаев атындагы көчөсүндөгү тез тамактануучу жайлардын коопсуздугу текшерилди. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен көбүнчө тамактануучу жайлардын ээлери газ баллонду колдонору белгилүү болду. Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан бир канча тез тамактануучу жайлардын коопсуздугу текшерилип, айрым жайларга эскертүү баракчасы берилди. Эмесе, тез татым жайларынын коопсуздугуна биргеликте назар салып көрөлү.

Маалыматтар боюнча, алгач тез тамактануучу жайларга түшүндүрүү, билдирүү баракчасы таратылып, ар бир ишкананын жетекчилерине текшерүү болору тууралуу алдын ала эскертүү баракчалары келет. Атайы пландуу текшерүүнүн негизинде Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы жана Экономика министрлигинин адистери менен биргеликте жалпысынан 4 тез тамактануучу жай текшерилди. Анда эки тез татым жайдын коопсуздугу талапка жооп берип, газ баллон колдонулбай, кызматкерлерге коопсуздук эрежелери боюнча мурунтан түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнү белгилүү болду. Ал эми айрым тез тамактануучу жайлардын кызматкерлери бизди көрүп, иштеп жаткан жерлерин дароо жаап, «иштебейбиз» деп жазып койгондору да болду.

Атын атагысы келбеген каарманым тез тамактануучу жайда 3 жылдан бери иштеп келет. Ушул күнгө чейин газ баллон колдонуп, көп эскертүүлөрдү алган соң гана ал газ толтурулган идишти сыртка чыгарганын мындайча түшүндүрүп берди.

-Негизи, биз гал баллон пайдаланып эле тамактарды бышырабыз. Себеби аны колдонуу абдан ыңгайлуу жана ага тамак тез бышат. Биз мурда баллонду тамак бышырып жаткан жерге эле коюп колдончубуз. Бирок жакында эле тез тамактануучу жай жарылып, адам өлүмүнө чейин алып келген учур катталганда дароо эшикке чыгардык. Мен бул жерде 3 жылдан бери иштейм. Эч качан кардарлар биздин жайдан жабыр тартып көргөн эмес.

Газ баллон колдонгондорго кандай айыппулдар каралган? Аларга кандай чара көрүлөрүн, тамактануучу жайларды текшерген Бишкек шаарынын мамлекеттик экотехинспекциясынын улук тескөөчүсү Медет Сейдалиев мындайча баяндап берди.

-Газ баллон колдонгондорго алгач бардыгын алып салганга үч күндүк убакыт менен эскертүү беребиз. Кайрадан текшерүүгө келгенде берилген эскертүү эске алынбаса, 7500 сом айыппул салабыз. Эгерде кайра текшерип келгенде айыппулду төлөп коюп, баллонду колдоно берсе, Бишкек шаарынын мэриясына кайрылабыз. Калганын алар чечет. Ал эми азыр сиздер көргөндөй, газ баллондорду тамактануучу жайдын сыртына чыгарып коюшуптур. Бирок бул дагы эрежеге туура келбейт. Баллондун тамактануучу жайдын ичинде турганына караганда сыртта турганы бир аз коопсузураак. Биз бир гана көрсөтүлгөн жайларды текшерүүгө укугубуз бар. 4 тамактануучу жай текшерилди. Алардын экөө талапка жооп берет деп табылса, калган экөө, тилекке каршы, андай болуп чыккан жок. Эскертүү баракчасынын мөөнөтү узартылды. Үч күндөн кийин кайра келип, текшерип кетебиз.

Бишкек шаарынын тургундары тез тамактануучу жайлардын коопсуздугуна кандай баа берет болду экен деп көчөдө өтүп бараткан жарандарга собол таштадык.

-Мен көчөдөн тамак сатып жебейм. Булардын өндүрүмдөрүн отуруп жегенге туура келгендиктен, ал жайлардын ичине киргенден корком. Коопсуздугу начар.

-Бишкектин чок ортосунда тез тамактануучу жай жарылгандан бери коркуп калдым. Мурун кирчүмүн. Азыр кирбейм.

-Мен ар дайым эле тез тамактануучу жайлардан тамактанам. Бирок коопсуздук жагын ойлонуп көрбөптүрмүн.

Эскерте кетсек, 8-ноябрда «Ала-Тоо» кинотеатрынын маңдайындагы тез татым жайында өрт чыгып, бир нече ирет жарылуу болгон. Кырсыктан 14 киши жабыркап, 21 жаштагы кызматкер кыз көз жумган.

Текшерүү учурундагы түз чагылдырылган видеону да сунуштайбыз.

Чүй-Сүйүмбаев көчөлөрүндөгү (Карпинка) тез татым жайларына рейд

Опубликовано Радио Марал-MARAL FM Четверг, 5 декабря 2019 г.

Copyright © 2017 Maral FM