Биз менен байланышыңыз

Азербайжанда 9-февралда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Дек 2019 | 562 | 0

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Азербайжан парламентин (Милли Межлис) таратып, 2020-жылдын 9-февралында мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү боюнча чечим чыгарды. Алиев кол койгон тиешелүү жарлык Президенттин расмий сайтында жарыяланды.

2-декабрда Милли Межлис жетекчиси Октай Асадов баштаган атайын жыйын өткөрүлүп, парламентти таратуу маселеси добушка коюлган. Бул демилгени депутаттар бир добуштан колдоп беришкен. Бул чечим өлкө башчысынын реформа жасап, кадрдык жаңылануу планын колдоо максатында кабыл алынган.

Азербайжан парламенти 125 депутаттан турат. Кезектеги парламенттик шайлоолор 2020-жылдын ноябрь айында өтмөк. Эми мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүү чечимин президент кабыл алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM