Биз менен байланышыңыз

ЖК: Өкмөттүн аткезчилик менен күрөшүү аракети жетишсиз

Кыска кабар , Саясат | 5 Дек 2019 | 809 | 0

“Мамлекеттик чек ара аркылуу эсепке алынбаган товарларды ачыктоо жана токтотуу, аткезчилик менен күрөшүү боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө өкмөттүн иш-аракеттери жетишсиз”. Мындай бааны өкмөткө Жогорку Кеңештин депутаттары берди.

Буга чейин бул маселени Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети карап, “канааттандырарлык эмес” деп тапкан.

Эске сала кетсек, 5-декабрда Жогорку Кеңеш “Мамлекеттик чек ара аркылуу эсепке алынбаган товарларды ачыктоо жана токтотуу, аткезчилик менен күрөшүү боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө” өкмөттүн маалыматын укту. Жыйынга вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган укук коргоо органдарынын, тийиштүү мекемелердин жетекчилери катышты.

Copyright © 2017 Maral FM