Биз менен байланышыңыз

Германия Кыргызстанда немис тилинин өнүгүшүнө кызыктар

Кыска кабар | 5 Дек 2019 | 705 | 0

Германиянын Кыргызстандагы элчиси Моника Иверсен Кыргызстанда немис тилин өнүктүрүү үчүн Билим берүү жана илим министрлиги менен кызматташууга кызыктар экенин билдирди. Бул тууралуу ал министр Каныбек Исаков менен бүгүн жолугушканда айтты.

Элчи айым Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин өкүлүнүн авторлоштугу менен IT боюнча кыргыз тилинде китеп жазылып, ал учурда апробациядан өтүп жатканын кошумчалады.

Каныбек Исаков билим берүү тармагын колдоого алып жаткандыгы үчүн элчиге ыраазычылык билдирип, бул жааттагы эки өлкөнүн кызматташуусун жакшыртуу керектигин белгиледи.

Тараптар мындан сырткары каникул учурунда кыргызстандык студенттер Германиянын шаарларына иштегени барган учурлар көбөйгөнүн эске алуу менен немис тилин бекемдөө боюнча пикир алышты.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда немис тилин терең окутуучу 10 мектеп бар.

 

Copyright © 2017 Maral FM