Биз менен байланышыңыз

Элчи: Кыргыз-герман мамилеси жыл сайын жакшырып баратат

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Дек 2019 | 639 | 0

Германиянын Кыргызстандагы элчиси Моника Иверсен «Марал» радиосуна берген маегинде кыргыз-герман мамилеси жыл өткөн сайын жакшырып келатканын билдирди.

Анын айтымында, Германия Кыргызстанга көп тармактуу колдоо көрсөтүүгө даяр. Ал мындай колдоо укуктук мамлекет орнотуудан тарта билим берүү, саламаттыкты сактоо, экономикалык өнүгүү жана башка тармактарды да камтый турганын айтты.

Ошол эле учурда Германия Кыргызстандагы мектеп, университеттер менен тыгыз кызматташып, немис тилин үйрөтүү боюнча демилгелерди колдоп келет. Студенттер үчүн стипендиялык программалар каралган.

-Германия Кыргызстанды эгемендүүлүк алган алгачкы жылдан тарта колдоду. Ага элчиликтин ачылуусу далил боло алат. Ал эми Евробиримдик Кыргызстанга өзгөчө көз карашта. Биз өлкөдөгү өнүгүүлөрдү кылдат карайбыз. Кыргызстан өнүгүүнүн демократиялык жолун тандады. Өлкөдөгү эркиндикти баалуулук катары кабыл алабыз жана ушундай атмосферанын бар экени бизди кубандырат, — дейт Иверсен.

Ал кыргыз элин жаңы жыл майрамы менен кыргыз тилинде куттуктай турганын кошумчалады.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM