Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Кыргызстан-Түркия футзал курамалары жолдоштук беттешке чыгышат

Кыска кабар , Спорт | 3 Дек 2019 | 423 | 0

Бүгүн Бишкекте футзал боюнча Кыргызстан менен Түркия курамаларынын жолдоштук беттешүүсү болот. Командалар алдын ала макулдашуу боюнча 25 мүнөттөн эки тайм ойношот. Мындай форматтын өзүнчө артыкчылыктары бар экенин Кыргызстан курамасынын башкы машыктыруучусу Амиржан Муканов:

Бул эки тараптын макулдашуусу. Ушундай форматтагы оюн көп футболчуларды оюнга чыгарып сыноого мүмкүнчүлүк берет. Биз буга чейин Өзбекстан менен ушундай форматта беттеш өткөргөнбүз. Курамда ротацияларды жасоого да кенен убакыт болот. Бул кадам сөзсүз түрдө эки команда үчүн да пайдалуу болот, — деди.

Беттеш 3-4-декабрь күндөрү Бишкектин  Арча-Бешик конушундагы “Газпром” ден соолукту чыңдоо борборунда өтөт. Беттештер кечки саат 20:00дө башталат. Билет баасы 300 сомдон сатылууда. Бул билет менен эки жолку беттешке кирүүгө болот.

Copyright © 2017 Maral FM