Биз менен байланышыңыз

Информатика боюнча ХІ Евразия олимпиадасында Кыргызстан абсолюттук чемпион болду

Кыска кабар | 2 Дек 2019 | 772 | 0

29-ноябрынан 1-декабрына чейин Казакстандын Алматы шаарында информатика боюнча ХІ Евразиялык олимпиада болуп өттү. Олимпиада жыл сайын эки тур менен өтөт: тандап алуу жана жыйынтыктоочу.

Командалар аккредитацияланган мугалимдин көзөмөлүндө таймашышты. Катышкандардын арасынан 56 команда 13 мүмкүн болгон тапшырманын 4үнөн 10уна чейин аткарууга жетишти.

Олимпиаданын жыйынтыктоочу турунда Казакстандан, Тажикстандан жана Кыргызстандан 56 команда, 168 окуучу күч сынашты.

Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин окуучуларынан турган 3 команда Кыргызстандын атынан катышты. Эл аралык «Юнайтед Ворлд Интернешнл Скул» мектебинин бүтүрүүчү классынын окуучусу Жамалов Өмүрбек, Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы лицейинин 11-классынын окуучусу Батыркулов Шабдан жана 10-классынын окуучусу Давлетов Ислам алтын медалга татыктуу болушту.

Окуучулар 6 тапшырманы өз курагындагылардан 90 мүнөт эрте чыгаруу менен информатика боюнча ХІ Евразиялык олимпиадасынын абсолюттук чемпиондору болушту.

Нарын М.Субакожоев атындагы лицейдин 9-классынын окуучусу Бейшекеев Данияр, Токмок Жусуп Баласагын атындагы лицейдин 9-классынын окуучусу Юсупжанов Элдар жана Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы лицейинин 9-классынын окуучусу Дыйканбаев Таланттар да күмүш медалга ээ болушту.

Кадамжай “Семетей” лицейинин 10-классынын окуучусу Дамир уулу Абиль, Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы лицейинин 10-классынын окуучусу Шадыбеков Айбек жана Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы лицейинин 10-классынын окуучусу коло медалга татыктуу болушту.

Copyright © 2017 Maral FM