Биз менен байланышыңыз

Комитет Ак калпакка маданий символ статусун берүү жөнүндө мыйзам долбоорун жактырды

Кыска кабар | 2 Дек 2019 | 439 | 0

Жогорку Кеӊештин Социалдык маселелер, маданият, билим берүү, илим жана саламаттык сактоо боюнча комитети кыргыз улуттук баш кийимин маданий баалуулук катары сактоо, кеӊири жайылтуу максатында иштелип чыккан “Улуттук баш кийим Ак калпакка маданий символдун статусун берүү жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Долбоордун демилгечилери – депутаттар Экмат Байбакпаев менен Бакирдин Субанбеков.

Депутат Экмат Байбакпаевдин айтымында, мыйзам долбоорунун башкы максаты ак калпакты өлкөнүн маданий символу катары пайдаланууга шарт түзүү болуп саналат. Мындай салт көптөгөн башка өлкөлөрдө деле бар.

Андан сырткары, кыргыздын улуттук баш кийимин мазактаган жеке жактарга 1 миӊ сом, юридикалык жактарга 5 миӊ сом айыппул салуу чарасы сунушталып жатканы белгилүү болду.

Өкмөт мыйзам долбооруна карата каршы корутунду берген. Өкмөт өкүлүнүн айтымында, мыйзам долбоору Конституциянын 18-беренесине кайчы келип, жарандардын укуктарынын чектелишине өбөлгө түзөт.

Эске салсак, Жогорку Кеӊештин 2016-жылдын 29-июнунда кабыл алынган токтому менен Кыргызстанда ар жылдын 5-марты Ак калпак күнү катары белгиленип келет.

Copyright © 2017 Maral FM