Биз менен байланышыңыз

Дарья Маслова Токиодо өтүүчү Олимпиадага жолдомо алды

Кыска кабар , Спорт | 2 Дек 2019 | 701 | 0

Жеңил атлетика боюнча Азия оюндарынын чемпиону Дарья Маслова 2020-жылы өтүүчү Олимпиадалык оюндарга жолдомо утуп алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Испаниянын Валенсия шаарында өткөн лицензиялык марафондо Кыргызстандык спортчу Дарья Маслова 42 километр 195 метр аралыкты 2 саат 28 мүнөт 19 секундда чуркап өтүп, олимпиадалык нормадан бир мүнөткө эрте келди.

Дарья Маслова буга чейин 2016-жылдагы Олимпиадалык оюндарга 10 миң метрге чуркап катышкан.

Буга чейин 2020-жылы Токиодо өтүүчү Олимпиадага кыргызстандык спортчулар Денис Петрашов, Юлия Андреева, Атабек Азизбеков жана Айсулуу Тыныбековалар жолдомо алышкан.

Copyright © 2017 Maral FM