Биз менен байланышыңыз

Дарья Маслова Беларусияда өткөн мелдеште алтын медалга ээ болду

Кыска кабар , Спорт | 18 Июл 2019 | 606 | 0

Беларусиянын Брест шаарында  өтүп жаткан Жеңил атлетика боюнча Ачык Кубогунда кыргызстандык спортчу Дарья Маслова  5000 метр аралыкты 15 мүнөт 55 секундда чуркап өтүп, алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Ошондой эле, бул турнирде Мусулман Жоломанов күмүш медаль, Нурсултан Кенешбеков коло медаль алды.

Турнир 21-июлга чейин уланмакчы.

Copyright © 2017 Maral FM