Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл: «Run the Silk road» марафонунда кыргызстандыктар жеңүүчү болду

Кыска кабар , Спорт | 11 мая 2019 | 616 | 0

Бүгүн Ысык-Көлдө өткөн «Run the Silk road» VIII эл аралык марафонунда Кыргызстандын жеңил атлетчилери жеңүүчү болушту.

Эркектер арасында Адилет Кыштакбеков, ал эми кыз-келиндер арасында атактуу жеңил атлетчи Дарья Маслова биринчи келди. Маслова 42 чакырым аралыкты 2 саат 41 мүнөт жана 36 секунд убакытта багындырган.

Жарышта экинчи байгелүү орунду дагы бир кыргызстандык Юлия Андреева камсыздады. Ал эми кытайлык айым Юнли Пан үчүнчү орунга татыды.

Copyright © 2017 Maral FM