Биз менен байланышыңыз

«20 жылда аткезчиликтин көлөмү 50 млрд долларды түзгөн»

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Ноя 2019 | 964 | 0

Акыркы 20 жылда Кыргызстан менен Кытайдын товар алмашуусунда аткезчиликтин көлөмү 50 млрд долларды түзгөн. Бул тууралуу «Замандаш» саясий партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бажыдагы коррупция, аткезчилик системалуу түрдө жүрүп келе жатат. Бул өлкө бюджетке олуттуу таасирин тийгизүүдө.

-2001-жылы Кытай эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүн 75 млн доллар деп көрсөтсө, Кыргызстан 48 млн доллар деп билдирген. Ал эми 2004-жылы кытай тарап 442 млн десе, биздикилер 80 млн доллар деп көрсөткөн. 2015-жылы Кытай 4 млрд доллар, кыргыз тарап 1 млрд доллар деп маалымдаган. Эң чоң айырма 2008-жылга туш келет. Кытайдын маалыматы боюнча эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 9 млрд 212 млн доллар болсо, кыргыз тарап 728 млн доллар деп көрсөткөн. 8 млрд доллардан ашык каражаттан бюджетке бажылык төлөм алынган эмес, — дейт Молдокматов.

Ал эл аралык уюмдардын маалыматына таянуу менен Кыргызстандын мурдагы президенттеринин убагында катталган аткезчилик тууралуу да айтып өттү:

-Тунгуч президент Аскар Акаев бийликте турган төрт жылда (2001-2004-жж) жалпы аткезчиликтин көлөмү 549 млн долларды түзгөн. Бул көрсөткүч Курманбек Бакиевдин тушунда (2005-2009-жж) 19 млрд 36 млн долларга жеткен. Ал эми Роза Отунбаева бийликте турганда (2010-2011-жж) 7 млрд 441 млн доллар, Алмазбек Атамбаевдин тушунда (2012-2017-жж) 22 млрд 881 млн долларга жеткен, — дейт Молдокматов.

 

Copyright © 2017 Maral FM