Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев бажыдагы коррупцияны жоюунун жолун айтты

Кыска кабар | 28 Ноя 2019 | 937 | 2

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев парламенттин жалпы жыйынында 2019-жылга республикалык бюджет тууралуу маалымат берип жатып, бажыдагы коррупцияны жоюунун жолдорун айтты.

Абылгазиевдин айтымында, бажы системасындагы бардык процедураларды санариптештирүү адам факторун азайтуунун бирден-бир жолу.

Бажы тармагын толугу менен санарипке өткөрөбүз. Азыр бажыдагы жемкорлукту ар кандай персоналарга байлап жатабыз. Мындан кетүүнүн бир гана жолу – бажы системасындагы процедуранын баарын санарип формага алып келишибиз керек. Бул тууралуу президент да айтты. Ташып келүүдө эсепке алынбаган товарлардын баары ушундай жол менен эсепке алынат. Мына быйыл бажы посттору заманбап техникалык база менен жабдыла баштады. 472 видео-камера орнотулду. 5 бажы постторуна инспектордук көзөмөлдөөчү комплекс коюлду.

Белгилей кетсек, 21-ноябрда бажыдагы коррупциялык схемаларды аныктаган журналисттик иликтөө жарыяланган. Анда айтылган фактыларга Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жана анын туугандарынын тийиштиги бар экендиги айтылган. Коомчулук бул фактылардын негизинде чара көрүүнү талап кылып, 25-ноябрда тынчтык митингин өткөрүштү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети журналисттик иликтөөдөгү фактылардын негизинде сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган.

2 пикир

2 пикир

  1. Токур

    28.11.2019 10:56

    Ойлоп табуунун кереги жок, грузиядан улгу алыш керек.

  2. Токур

    28.11.2019 18:18

    Санариптештирип, балее кылса да токтотсо албайсынар, таможнянын жабык эмес ачык зона кылыш керек. Таможнянын мыйзамсыз жасаган иштерин суротко, видиого тартып далилдеп, текшеруу органдарга арыздана турган болушу керек. Азыр таможня жабык зона машинанын видиокамерасын очуртот, телефон колдонгонго уруксат бербейт. Камерадан жашынып машинанын салонунда, кабинасында акча алышат. Аблыгазиев асманда учуп журосун, чуркаган ортомчулары бар поско жеткирбей акча топтоп машинанын маркасын, номерин айтып откоруп турган. Адамдар айла качып кутулбайт. Кадрларды жумушка текшерип алып, тез тез ротация болушу керек. 20-30 жыл менчигине айлантпай, керек болсо ай сайын алмаштырып, тушкон дохоттон билинет кайсы смена кандай иштегени. Окмот башы, ар бир тамакты икир чикирине чейин билиши керек, болбосо кулагына лапша илип коюшат эски карышкырлао.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM