Биз менен байланышыңыз

Трамп: АКШ НАТОну каржылоосун азайтат

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Ноя 2019 | 697 | 0

АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы НАТОну каржылоо боюнча коромжулуларын азайтууну чечти. Бул тууралуу СNN каналы билдирди.

Ак үйдөгүлөр НАТОну каржылоого кетирген 22 пайыздык үлүшүн 16 пайызга түшүрүүнү мерчемдеп жатышат. Ал эми калган алты пайыз үлүштү альянстын калган мүчөлөрүнүн бөлүшүп алуусу күтүлүүдө.

НАТОнун өкүлү бул маалыматты телеканалга берген маегинде тастыктап, төлөмдөрдүн бул жаңы формуласы мурдараак кеңешилгенин, альянстын оор жүгү катышуучу өлкөлөрдүн ортосунда акыйкат бөлүштүрүүгө негизделгенин айтты.

СNN Вашингтондун бул кадамын символикалык деп эсептейт, анткени АКШнын аскердик коромжуларын НАТОнун 2,5 миллиардык жалпы бюджети менен салыштырууга мүмкүн эмес деп белгилейт.

20-ноябрда НАТОнун генералдык катчысы Йенс Столтенберг Орусия менен НАТОнун аскердик кормжуларында олуттуу айырма бар экендигин жашоонун деңгээли жана бааларга байланыштуу экендигин төмөнкүчө түшүндүргөн:

-Цифраларга байланыштуу айта турган болсок, биз эффективдүү альянс болуп эсептелебиз. НАТОнун армиясы эффективдүү. Бирок коромжуларыбыз да оңой эмес. Бул бизде жогорку турмуштук стандарттын бар экендигинен кабар берет, — деп белгилеп өттү.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM