Биз менен байланышыңыз

«Гепатит менен жабыркагандарды көзөмөлдөгөн эч ким жок»

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Ноя 2019 | 471 | 0

Гепатит оорусу менен жабыркагандарды эч ким көзөмөлдөбөйт. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбор ишин жакшы алып бара албай жатат. Мындай пикирин жарандык активист Нургазы Батырбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди:

-Комиссия дагы эле жакшы жыйынтыкка келбей жатат. Жумушчу топко киргениме 10 ай болду. Ал аралыкта министрдин орун басары Эркин Чечейбаев бир да жолу келген жок. Кайра дагы бир жумушчу топ түзсөк, депутаттар өкмөткө өткөрүп берсе, дагы 5 жыл жүрчүдөйбүз, — дейт Батырбеков.

Ал өлкөдө гепатиттин өсүү тенденциясы жогорулап баратканын белгилеп, бирок Саламаттыкты сактоо министрлиги иштебей жатканын, министрликтин өкүлдөрү региондорду кыдырбай, бөлмөсүнөн чыкпай отурганын сынга алды.

Батырбековдун айтымында, дарыгерлер маянанын аздыгынан айыл жергесине барбай жатышат. Мамлекет бул маселени чечип бериши керек. Анткени дарыгер тартыш болгондуктан, бейтаптар табыптарга кайрылууга аргасыз болууда.

Мамлекет гепатитке каршы эмдөөнү колго алып, эл арасында маалыматтык кампания жүргүзүшү зарыл. Болбосо гепатитке чалдыккан бейтап ар бир үч айда 10 миң сомго анализ тапшырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM