Биз менен байланышыңыз

Прокурордун өлүмү: Мелис Калыков өмүр бою эркинен ажыратылды

Кыска кабар | 27 Ноя 2019 | 428 | 0

Баткен облусунун мурунку прокурору — маркум Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү катары кармалган облустагы капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы Мелис Калыков өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Ош шаардык сотунан билдиришти.

Бүгүн, 27-ноябрда Ош шаардык сотунда Мелис Калыковдун кылмыш иши каралып, сот аны өмүр бою эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарды.

Буга чейин 6-ноябрда Ош шаардык соту Мелис Калыковдун баш коргоо чарасын карап, камакта кармоо мөөнөтүн 2 айга узарткан. Шектүүнүн жакындары чечимге канааттанбай, Ош облустук сотуна кайрылышкан.

Эске салсак, 2018-жылы 17-ноябрда саат 22:10 чамасында Баткен шаарынын Турдумаматов көчөсүнөн «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаа табылган. Аны кароо учурунда капталдарында кандын тактары болгон.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүшүп, анын натыйжасында Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы участкадан Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгүн табышкан. Бул жагдай боюнча Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 97-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы М.Калыков кармалган.

Copyright © 2017 Maral FM