Биз менен байланышыңыз

Күттүргөн жаңы айдоочулук күбөлүк

Коом | 26 Ноя 2019 | 4073 | 0

Жаңы айдоочулук күбөлүктөр 5-декабрдан тарта бериле баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо мекемеси билдирди. 2011-жылдан тарта берилген күбөлүктөрдүн коргоо элементтери жаңы технологияга жооп бербегендиктен жаңы үлгүлөрү иштелип чыкты.

Бишкек шаарынын тургуну Мелис Эсенжанов айдоочулук күбөлүгүн жоготуп алган. Бирок кайрадан документти жасатып алууну азырынча токтотуп турат. Себеби жаңы күбөлүк берилет деген маалыматты угуп, биротоло күбөлүктүн жаңы үлгүдөгүсүн алууну чечкен:

-Мен айдоочулук күбөлүгүмдү жоготуп алдым. Бирок алайын деп токтоп турам. Анткени жаңы күбөлүктөр декабь айынан баштап берилет турбайбы. Мурунку күбөлүгүмдөгү сүрөтүм өчүп калган. МАИ кызматкерине түшүп калганда эле, сүрөттөгү адам сен эмессиң деген көп көйгөйлөр чыкчу. Менин угушума караганда, баасы да арзан экен. Буюрса, 1 жуманын ичинде алып калам го.

Жаңы айдоочулук күбөлүк качан берилет? Анын өзгөчөлүктөрү кандай? Биз бул суроо менен Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат катчысы Адилет Бейшеналиевге кайрылдык. Декабрь айынан баштап элдер жаңы айдоочулук күбөлүк ала баштаарын айтты. Ошондой эле, эски документтин баасы 920 сом болсо, жаңы айдоочулук күбөлүктүн баасы 100 сом 86 тыйын экенин да маалымдады. Бейшеналиев эски айдоочулук күбөлүк менен жаңынын айырмачылыгы күбөлүктөрдүн коргоо элементтеринде экенин билдирди. Себеби мурунку документтердеги адамдардын сүрөттөрү өчүп, бир топ кыйынчылык жаратканын жашырган жок:

-5-декабрдан баштап жаңы күбөлүктөр берилет деп турабыз. Негизи, ноябрь айынын ортосунда берилмек, бирок техникалардын кеч келгендигинен улам ушул убакытка жылып калдык. Жаңы күбөлүктөрдүн сыркы кабы 101сомдой болуп калат. Мурункулар 12 евродон эсептелгендиктен баасы кымбат болуп калган. Ошондо башка дагы кызматтарды кошкондо айдоочулук күбөлүктүн баасы 500 сомго жетип калат. Эски үлгүдөн 400 сомго арзан. Эски менен жаңынын айырмачылыгы — эски айдоочулук күбөлүктүн сүрөттөрү өчүп, кээ бирлериники сынып-сынып кеткен. Жаңы жасалып жаткан күбөлүктө маалыматтар заманбап технологиялар менен атайын лазерлер менен жазылат. Күбөлүктү биздин жарандар 10 жылда алмаштырууга  милдеттүү.

Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк качан берилери айтылды

Айдоочулук кубөлүктөргө кайрадан тендер өткөрүп, өкмөт туура эмес кылды. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев айтып, ал буга чейин да бул маселени көтөрүп чыкканына токтолду. Мамлекеттик каттоо мекемесинин да, мамлекеттин да айдоочулук күбөлүктү чыгарганга күчү жетерин, ошондой эле утуп алган тендердин негизинде коюлуп жаткан документтин баасы дагы деле кымбат экенин айтып, нааразычылыгын жашырбады:

-Кыргызстанда паспорт жана айдоочулук күбөлүктү берүүдөгү системалар абдан начар. Мен ар дайым бул маселени көтөрүп, бул документтерди өзүбүз жасаганга кудуретбиз жетерин айтып келем. Бирок ага да карабастан, тендер жарыяланып, анын негизинде жаңы айдоочулук күбөлүктөрдүн берилери айтылды. 101 сому күбөлүктүн өзүнө кетсе, башка салыктарды кошкондо  500 сомдун тегерегине жетип калат. Бул кымбат. Эгерде өзүбүз жасаганда документтин куну 200 же 300 сомдук болмок. Мен келечекте бул маселе көз жазымда калбайт, каралып, илитенип, сөзсүз ишке ашат деп ойлойм.

«Орусияда эч бир компания айдоочулук күбөлүк чыгаруу укугуна ээ эмес»

Бишкек шаарынын тургундары айдоочулук күбөлүктү качан алган? Жаңы күбөлүк боюнча маалыматтары барбы деп кызыгып сурап көрдүк:

-Мен 1976-жылы айдоочулук күбөлүктү алгам. Ошондон бери колдонуп жүрүп, 2015-жылы жаңырттым. 10 жылга берилет экен. Билбейм, жоготуп эле албасам, азырынча алмаштырбайм го.

-Менин айдоочулук күбөлүгүм шымым менен кошо кир жуучу машинага айланып кеткен. Сүрөттөрүм, аты-жөнүмдүн бардыгы өчүп калыптыр. Азыр унаасы жок жүрөм. Анткени жаңы күбөлүк берилет дебеди беле. Күтүп жатабыз, биротоло эле алалы деп.

-Мен 20 жылдан бери машина айдайм. 3 жолу күбөлүк алмаштыргам. Мурунку союздун учурундагы айдоочулук күбөлүктөрдүн сапаты жакшы болчу. Азыркылардыкы начар экен. Сүрөттөрүм өчүп калды. Бирок айла жок ошону менен эле жүрөм. Таксист болуп иштеп, үй-бүлөмдү багам да.

Эске сала кетсек, жаңы айдоочулук кубөлүктү даярдоо тендери 8-августта өтүп, эки компания жеңүүчү деп табылган. Казакстандын улуттук банкынын банкнот фабрикасы бланктарды жасаса, «Госзнак» ЖЧКсы эл аралык айдоочулук күбөлүктөрдү алып келмек. Кыргызстанда жаңы күбөлүктөр ноябрь айынын ортосунда берилери айтылган эле. Бирок техникалык себептерден улам, мөөнөтү декабрь айына жылдырылган.

 

Copyright © 2017 Maral FM