Биз менен байланышыңыз

Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк качан берилери айтылды

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Окт 2019 | 1381 | 0

20-ноябрдан тарта жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк бериле баштайт. Анын баасы 100 сом 86 тыйын. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Айнура Туйбаева «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, айдоочулук күбөлүктөрдүн баасы 90%га, ошондой эле транспорт каражаттарын каттоо жөнүндө күбөлүктүн наркы 75 пайызга арзандады.

Эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктүн бланкынын баасы 577 сомду түзөт. Ал эми транспорт каражаттарын каттоо жөнүндө күбөлүктүн наркы 192 сом.

«Учурда жарандарга убактылуу айдоочулук күбөлүк берилүүдө. Документ 31-декабрга чейин жарактуу. Ал эми эски айдоочулук күбөлүктөр мөөнөтү бүткөнгө чейин жарактуу боло берет«, — дейт Туйбаева.

Кошумчалай кетсек, жаңы үлгүлөр айдоочулардын өздүгүн идентификациялоонун эл аралык талаптарына дал келет. Жаңы үлгүлөрдө 20дан ашуун коргоочу элемент бар. Атайын сканерлер аркылуу жасалма, жасалма эмесин көрүүгө болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM