Биз менен байланышыңыз

«Орусияда эч бир компания айдоочулук күбөлүк чыгаруу укугуна ээ эмес»

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Окт 2019 | 822 | 0

Айдоочулук күбөлүктөр Кыргызстандын аймагында жасалып, Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан гана берилет. Орусияда бир да компания документ жасап чыгаруу укугуна ээ эмес. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Айнура Туйбаева «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мигранттар айдоочулук күбөлүк боюнча маселе жаралса, чет өлкөдөгү элчиликтерге кайрыла алат.

Айдоочу жаңы категориядагы күбөлүк алуу үчүн кайрадан сынак тапшыруусу керек. Мурда сынак 10 суроодон турса, азыр 20га көбөйтүлгөн.

«Терс көрүнүштөрдүн алдын алуу үчүн сынак тапшырууда ар бир компьютерге камера коюлган. Система жарандын жүзүн тааныган соң, суроолор берилет. Айдоочулук күбөлүк берүүдө аскердик билет талап кылынбайт. Болгону жарандын паспорту, тиешелүү медициналык маалымкат, туруктуу жашаган жери тууралуу маалымкат, автомектепти аяктаганы боюнча күбөлүк талап кылынат», — дейт Туйбаева.

Copyright © 2017 Maral FM