Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков эки жылда эмнени өзгөрттү?

Саясат | 24 Ноя 2019 | 1459 | 0

Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришкенине туура эки жыл болду. «Марал» радиосунун редакциясы “Жээнбековдун эки жылы эмнеси менен эсиңизде калды?” деген суроо менен коомчулукка кайрылды.  

Президент Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 24-ноябрында бир топ демилгелерди айтып, кызматка киришкен. Анын ичинде аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү, маяна, пенсиялык реформаларды жүзөгө ашыруу жана өлкөнүн экономикасын көтөрөрүн айткан. “Эки жылдын ичинде коюлган пландардын кайсылары аткарылып, экономикага кандай таасирин тийгизди?” деген суроо менен экономист Эркин Абдразаковго кайрылдык. Ал өз сөзүндө президент тарабынан аткарылган жумуштар жана аткаруунун үстүндө болгон долбоорлору бар экенин белгилеп, өзгөрбөй келаткан кемчиликтерге токтолду:

-Өлкөнүн бюджети дагы эле социалдык багыттагы бюджет болуп жатат. Жалпы кыргызстандыктардын өкмөткө болгон ишеними дээрлик жок. Себеби экономикалык жаатта өкмөттүн көтөргөн демилгелери ишке ашпай келет. Буга кошумча, алдыдагы бюджет бекитилип жатканда да “амбициялуу план” деп реалдуу турмуштан алыстап, асмандап эле жүрөт. Кеп салык тармагында төлөмдөрдүн толбой жаткандыгы, дагы эле болсо бийликтин вертикал бутагынын толук кандуу, бир команда катары иштебей жаткандыгында болуп жатат. КМШ сыяктуу уюмдарга мүчө катары барып келип жатышат. Бирок Кыргызстанды алга сүйрөп, аброй аларлык инвестициялардын келбей жаткандыгы өкүндүрөт. Анан эң башкы маселе — бюджетте дагы да болсо таңкыстыктын болуп жаткандыгы. Жалпылап айтканда, элдин турмуш шарты жакшырып кеткен жок.

Ал эми юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашевке “эки жылдын ичинде Сот-укуктук реформаларды байкадыңызбы?” деген суроо менен кайрылдык. Бөрүбашев аткарылган аракеттер менен бирге кемчиликтерди айтып, канча бийлик алмашса да, эл какшап келаткан системанын өзгөрүүсүз калганын белгиледи:

Гуманизация боюнча жылыштар бар. Жүздөгөн адамдар боштондукка чыгышты, соттун чечими боюнча чектелген айыптардын мезгилдери азайды. Мамлекет башчы бийликке келгенине жарым жыл боло электе :“Мен коррупция менен күрөшөм, коррупциянын тамыры укук коргоо органдарында терең жайылган”,-деп айткан эле. Эми эки сөз менен коррупция деген эмне экенин айтсак, бул “мамлекеттик бийликти өзүнүн кызыкчылыгына карата колдонуу” деген кеп. Мамлекеттик бийликти өзүнүн кызыкчылыгына колдонгондор четинен кармалып жатат . Мисалы, эки премьер-министр, эки мэр, мурунку президентибиз түрмөдө отурат. Бирок система ошол эле бойдон калып жатпайбы. Алардын ордуна башкалар келип жатат. Коррупция менен күрөшүүнү өздөрүнүн оппонентине же жактырбаган адамдарына карата пайдаланып жатышат. Бизге андай күрөштүн кереги жок!

Сооронбай Жээнбеков бийликке келгенге чейин Казакстан, Өзбекстан, Түркия жана башка бир катар өлкөлөр менен мамиле татаалдашкан болчу. Ал эми акыркы эки жылда тышкы саясат көп вектордуу багытка өзгөрүп, алакалардын оңолгону байкалды. Мындай пикирин Кыргызстандын Түркиядагы жана Малайзиядагы мурдагы элчиси Мамбетжунус Абылов билдирди. Ал буга кошумча чечилбей келаткан кыргыз-тажик маселеси боюнча да ой бөлүштү:

-Эске салсам, Акаевдин кызматтан кетиши Үзөнгү-Куушка түздөн-түз байланыштуу. Ошону көргөндөн кийин Аскар Акаевден кийин келген президенттердин бардыгы эле өзүнүн убактысын өткөрүп, чек ара маселесине киришпеди. Азыр болсо тажикстандыктар, Кыргызстанда өкмөт туруктуу эмес экенин көрүп турушат. Алар “булардын кимиси менен сүйлөшөсүң” деген сөздөрдү айтып жатат. Азыркыга чейин Мадумаровдун кол койгон протоколу да ызы-чуу болуп жатат. “Өкмөт болсо кол койсо эле ушундай болот” деп туруп, жолугушат, бирок эч нерсе чечилбейт. Тажик-Кыргыз чек арасын чечүү боюнча атайын президенттин алдындагы структура түзүлүшү керек. Жоопкерчиликти ала турган бирөөнү кызматка коюп, милдетти жүктөө зарыл. Муну парламентке жүктөп, президент макул болуп сунушташы керек.

Ошентип, президент Сооронбай Жээнбековдун өлкө башында турган экинчи жылы карыды. Бул убакыт аралыгында Бишкек жылуулук электр борбору менен Тарых музейин жаңылоодогу кетирилген коррупциялык иштер боюнча соттук териштирүү уланып, бирок аягына чыга элек. Мурунку президент Аламзбек Атамбаевдин кол тийбестиги алынып камалды, ШКУга мүчө өлкөлөрдүн саммити өткөнүн жана «Коопсуз шаар» долбоору ишин баштаганын, ошондой эле Кыргызстандын футбол боюнча Улуттук курамасы Азия биринчилигинин финалдык баскычына чейин барганын белгилеп өтүү да маанилүү.

Copyright © 2017 Maral FM