Биз менен байланышыңыз

Орусияда согуштук роботтордун топтору түзүлөт

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Ноя 2019 | 401 | 0

Орусияда 2025-жылдарга чейин согуштук милдеттерди аткара турган роботтордун топтору даяр болотт. Бул тууралуу РИА Новости Орусиянын коргонуу-өндүрүштүк комплексинин булактарына шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматка караганда, мындай согуштук роботтордун ар биринде бештен аскердик техника болот. Алар операторлордун минималдуу кийлигишүүсү менен ар кандай тапшырмаларды аткара алышат.

Мындай роботторду курап чыгуу жана сыноо иши 2025-жылга бүтөрү пландалууда. Андан соң аларды Куралдуу күчтөрдүн башкармалыгынын системасына интеграция кылышат.

«Бул мурункудай артынан беш киши чуркап тейлеп жүргөн пилоту жок бир эле техника эмес. Бул бүтүндөй бири-бирин ээрчип учкан беш роботтон турган топ. Буларды бир гана оператор башкарат”, — дейт агентствонун атын атагысы келбеген кызматкери», — деп айтылат маалыматта.

Балким, мындай роботторго атуучу-гранотометтук модулду же 120 миллиметрлик минометторду орнотушат. Келечекте мындай аскердик техникалар өзү сыяктуулар менен согушушу мүмкүн деп кошумчалады булак.

Белгилей кетсек, ушул жылдын январь айында орус армиясы көп функционалдуу «Уран-9» деп аталган робот менен куралданган. Ал танкка каршы башкарылган «Атака» деп аталган ракеталар менен, ошондой эле 30 миллиметрлик 2А72 жана 7,62 миллимметрлик пулеметтор менен жабдылган. Мындай күч менен душмандын жоокерлерин, жеңил брондолгон техникасын, танкаларды жана мыкты корголгон объектилерин талкалоого болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM