Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев Турдакун Усубалиевдин музейинин курулушуна капсула салды

Кыска кабар | 22 Ноя 2019 | 446 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусундагы иш сапарынын алкагында Турдакун Усубалиевдин музейинин жана эстелигинин курулушуна капсула салды. Бул тууралуу Өкмөттүк аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мухаммедкалый Абылгазиев Кочкор районундагы Кочкор айылына курула турган музей жана эстеликтин эскизи менен таанышты.

Андан соң Өкмөт башчы «Чолпон» кинотеатрында жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түздөө иштерин көрүп, бул объекттеги бардык ремонт иштерин өз учурунда сапатуу бүтүүсү үчүн бардык каражаттар менен камсыз кылууну тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM