Биз менен байланышыңыз

Xiaomi секунд сайын бирден смартфон иштеп чыгарат

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Ноя 2019 | 1380 | 0

Пекинде «2019 World 5G Convention» конференциясында Xiaomi компаниясы смартфон иштеп чыгаруучу жаңы завод ишке киргизилери тууралуу маалымдады. Жаңы заводдогу өзгөчөлүк катары, анда чогултуучу системада заманбап технология колдонулгандыктан толугу менен автоматташтырылган болот. Бул нерсе мобилдик каражаттарга болгон чоң талапты камсыз кылууга шарт түзөт.

Жаңы заводдун жылына 1 миллион смартфон иштеп чыгарууга кубаты жетет. Ага карабай, кадимки заводго салыштырмалуу 60%га көбүрөөк смартфон жасап, секундасына бирден смартфон чыгаруусу күтүлүүдө. Инновациялык ишкананын курулушу жүрүп жатат. Ал Пекинде жайгашкан.

Xiaomi, ошондой эле 5G-смартфондорун чыгарууну ишке ашырууда. Келерки жылы компаниянын 300 доллардан кымбат турган смартфондору 5G тармагын колдоп баштайт.

Маалымат боюнча, кытай компаниясы 5G-смартфондорунун 10 чакты үлгүсүн иштеп чыгууну пландоодо.

Copyright © 2017 Maral FM