Биз менен байланышыңыз

Өкмөт башчы иш сапары менен Нарын облусуна барат

Кыска кабар | 22 Ноя 2019 | 309 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев иш сапары менен Нарын облусуна барат. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы сапардын алкагында көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган иш-чарага, Кочкор айылында анын атындагы музей имаратынын пайдубалына капсула салууга катышат.

Премьер-министр ошондой эле Комсомол айылында С.Өмүрбаев атындагы орто мектептин ачылышына катышып, Нарын облусунун Кочкор айылындагы бир катар социалдык жана маданий объекттерди кыдырмакчы.

Copyright © 2017 Maral FM