Биз менен байланышыңыз

Студенттик жатаканалардын шарты жакшыртылат

Кыска кабар | 21 Ноя 2019 | 460 | 0

Жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын жатаканаларындагы студенттердин жашоо шартын жакшыртуу боюнча билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковдун буйругу чыкты. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, министрликтин тиешелүү жетекчилери бир жумалык мөөнөттө жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын жатаканаларындагы жашоо шартты текшерип, 1-декабрга чейин инфратүзүмдү жакшыртуу боюнча планын бекитиши зарыл. Анда:

• окуу жайдын жатаканаларынын бардык имараттарын капиталдык жана утурумдук оңдоо графиги;

• жатаканада жашоо коопсуздугун камсыздоо (сакчылыкты, тегерегиндеги чөлкөмдү жарыктандыруу, видео-байкоо камераларын орнотуу, өрт коопсуздугуна тиешелүү жабдууларды жаңыртуу ж.б.у.с.);

• жатаканалардын окуу жана эс алуу бөлмөлөрүндөгү шартты жакшыртуу;

• тамак-аш блокторундагы, ванна жана ажатканалардагы санитардык зарыл шарттарды камсыздоо;

• жатаканада жашаган студенттерди акысыз WI-FI менен камсыздоо жагы каралышы абзел.

Заманбап талаптарды эске алуу менен жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын жатаканалары жөнүндө жоболорго инвентаризация жүргүзүлүп, зарыл болсо, төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилиши керек:

— жатаканада жашаган студенттер үчүн медициналык тейлөөнү камсыз кылуу;

— окуу жайдын жатаканаларында жашап жаткан студенттердин маалымат базасын түзүү;

— студенттик кеңештердин тарбиялык жана маданий иш-чараларды уюштуруу жаатындагы иштерин жандандыруу..

Буйруктун негизинде окуу жайларынын жетекчилери жатакана шарттарын жакшыртуу жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча аткарылган иштери тууралуу Кесиптик билим берүү башкармалыгына маалымат берип турууга милдеттүү жана алардын жоопкерчилиги каралат.

 

Copyright © 2017 Maral FM