Биз менен байланышыңыз

«Борбор Азиянын студенттери Европадагы курдаштарынан 1,5 жыл артта калат»

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Авг 2020 | 425 | 0

Коронавирус пандемиясы билим берүү, адам капиталынын сапаты жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө узак мөөнөткө чейин терс таасирин тийгизет. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын билдирүүсүндө айтылат.

Дүйнөлүк Банктын маалыматы боюнча, айрым өлкөлөрдө студенттер менен жаштар жалпы калктын дээрлик жарымын түзөт. Кризис жаш муундардын келечектеги кирешелерине коркунуч келтирет.

Өспүрүмдөрдүн арасында функционалдык сабатсыздыктын деңгээли өсүп жатат. Бул окуу, жазуу жана математика жөндөмдөрүн колдоно албаган окуучулардын саны көбөйүп жаткандыгын билдирет.

Пандемиядан мурун деле Борбор Азияда билим берүү бир катар кыйынчылыктарга туш болду. Аталган региондогу студенттер Европадагы курдаштарынан 1,5 жыл артта калышат.

Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун (PISA) студенттерди баалоо боюнча эл аралык программасынын маалыматы боюнча, региондогу көптөгөн студенттердин функционалдык сабаттуулугун начар жетишкен.

«Окуучулар ортосунда билим берүү чөйрөсүндөгү ажырымдын же теңсиздиктин өсүшү өзгөчө тынчсызданууну жаратат», — деп айтылат билдирүүдө.

Окуучулардын билим алуудагы жетишкендиктерин баалоо эл аралык программасынын (PISA) маалыматына ылайык, Казакстандагы жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары билим алуу чөйрөсүндө өз курдаштарынан бир жылга, ал эми Кыргызстанда 2,5 жылга артта калышкан.

Коронавирустук пандемия билим берүү тутумуна ушунчалык катуу сокку уруп жатат, анын таасири (бир гана Борбор Азияда 44 миллиард доллардык экономикалык жоготуу менен) ондогон жылдардан кийин көрүнөт.

Дүйнөлүк банктын Борбордук Азиядагы билим берүү боюнча алдыңкы эксперти Айша Воудун айтымында, бул эң пессимисттик сценарий эмес.

Дүйнөлүк банктын кызматкерлери коронавирус пандемиясынын кесепеттерин жоюу боюнча планды иштеп чыгууда билим берүүгө көңүл буруу зарылдыгын белгилешет.

Өлкөлөр билим берүүгө бюджеттик каражаттарды бөлүп,  аралыктан билим берүүнүн сапатын жогорулатышы керек. Билим берүү программаларында ийкемдүүлүктү камсыздап, билимге гана эмес, ошондой эле мүмкүнчүлүктөрүнө жана компетенттүүлүгүнө дагы көңүл буруу зарыл.

Мектептин жабылышынан эң көп жабыр тарткан окуучуларга көңүл буруу керектиги белгиленди.

Аймактын өлкөлөрү студенттер, жаштардын жана мугалимдердин арасында санариптик көндүмдөрдүн өнүгүүсүн камсыз кылышы керек. Ошондой эле мугалимдерге студенттер менен иштешүү үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү түзүшү талап кылынат.

Copyright © 2017 Maral FM