Биз менен байланышыңыз

Студент үйүнө жетүү үчүн велосипед менен 48 күн жол жүрдү

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Июл 2020 | 382 | 0

Карантинден улам грек студент Шотландиядан үйүнө жетүү үчүн велосипед менен 48 күн жол жүрдү.

Грециядан келген 20 жаштагы студент Клеон Пападимитриу Шотландияда чек ара жабык болгондуктан, өзү окуган жерде калып калган жана Афинага кайтып баруу үчүн болжол менен 3500 чакырым жол жүргөн. Бул тууралуу CNN.

«Мен өзүмдүн кандай чоң жетишкендигимди түшүнүп жатам. Күчтүү жана алсыз жактарым жөнүндө көп нерсени билдим. Менин иш-аракетим кимдир-бирөөнү ыңгайлуу аймактан чыгып, жаңы, чоң нерсени байкап көрүүгө шыктандырды деп үмүттөнөм», — дейт ал 48 күндүк саякатында.

Пападимитриоу өзү менен кошо чатыр, уйку баштык, консерваларды, арахис майы жана нан алган. Ал токойдо же жол боюнда жашаган достору менен түнөгөн.

Студент кайда келе жатканын кабарлоо үчүн үй-бүлөсү менен сүйлөшүп турган.

Copyright © 2017 Maral FM