Биз менен байланышыңыз

АКШ: Президенттикке талапкерлер Трамптын импичментин колдоп чыгышты

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Ноя 2019 | 503 | 0

Демократтардан чыккан АКШ президенттигине талапкерлер учурдагы республикачыл-президент Дональд Трампка карата импичмент жарыялоо аракетин колдоп чыгышты. Мындай талкуу Демократия партиясынын талапкерлеринин 5-теледебатында жүрдү.

«Биздин милдет – ар бир эпизодду дыкат карап, чечим кабыл алуу»,- деп айтып чыккан Сенатор Эми Клобушар, Трампты өлкөгө караганда жеке кызыкчылыктарын биринчи планга коюп жатат деп айыптады.

Берни Сандерс да бул айткандарды колдоп, Трампты “заманбап Америка тарыхындагы  коррупцияга белчесинен баткан президент” деп атады.

«Президенттик кызматты өз максаттарына колдонгон аракети Трампты импичментке жеткирип отурат. Бул биздин билгенибиз гана!»- деди Саут-Бенд шаарынын мэри Пит Бутиджидж.

Ошондой эле, дебаттын жүрүшүндө сөз сүйлөгөн Жо Байден «шайлоодон жеңип чыкса, Трампка куугунттуктоочу жарлык бербей» турганын билдирди.

Соңку маалыматтарга ылайык, демократтар тараптан лидерликти Жо Байден сактап келет. Андан кийин сенатор Элизабет Уоррен, үчүнчү Берни Сандерс турат.

АКШ конгресси өлкө тарыхында 3-ирет импичмент боюнча коомдук угууну баштады. Демократтардын көпчүлүгү америкалыктарга республикачыл президент Дональд Трамп шайлоо иштерине Украинаны аралаштырууга аракет кылганын далилдеп берүүнү каалап жатышат.

Белгилеп өтсөк, 230 жылдын ичинде өлкөдө эки гана жолу президентке импичмент жарыяланган. Бирок алар кызматынан кеткен эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM