Биз менен байланышыңыз

Деркембаев: «Пираттык каналдардын айынан дүйнөлүк бренддердин жарнамалары кирбей жатат»

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Ноя 2019 | 681 | 0

«Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө» мыйзам толук кандуу иштесе, телеканалдар кыргыз тилинде сапаттуу контент иштеп чыгат, продакшн студиялар өнүгөт. Болбосо азыр айрым каналдар Орусиянын берүүлөрүн көрсөтөт да, жергиликтүү «жарнамалык токочту» тартып ала берет. Мамлекеттик органдар мындай каналдарды катуу көзөмөлгө алышы керек. Мындай пикирин New TV телеканалыны өкүлү Алтынбек Деркембаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Ал дүйнөлүк бренддер өлкөдө пираттык каналдар болгондуктан Кыргызстанга жарнамаларын киргизбей жатканын айтат:

-Түштүк Корея чет өлкөлүк каналдардын үстөмдүгүн азайтып, өздөрүнүн каналдарына маани берди. Аларда тийиштүү мыйзам иштеп, корей сериалдарын тартуу өнүктү. Бизде да сериалдарды тарта турган таланттуу инсандарыбыз бар. Алар чет өлкөлөрдө иштеп жатат, — дейт Деркембаев.

Ошондой эле, ал искусство адамдарынын чыгармачылык потенциалы пайдаланылбай жатканын белгиледи.

Деркембаевдин баамында даректүү, тарыхый тасмалар көп тартылышы керек. Анткени телекөрсөтүү идеологиянын бир бурчу. Мамлекттик буюртмаларды аткаруу боюнча конкурска жалаң гана мамлекеттик эмес, жергиликтүү телеканалдардын да катышуусу шарт. Ал үчүн тийиштүү шарт түзүлүшү керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM