Биз менен байланышыңыз

Рыспаев: «Жергиликтүү депутаттар үчүн жогорку билим эмес, иштин көзүн табуу маанилүү»

Күн чекит | 20 Ноя 2019 | 236 | 0

Бүгүн 20-ноябрда парламент жергиликтүү бийлик органдарынын ролун жана жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун биринчи окууда карап жактырды. Анда жергиликтүү кеңештерге депутаттардын жогорку билими тууралуу кайчы пикирлер айтылып, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жергиликтүү кеңештин депутаты жогорку билимдүү болушу керек деген талапка каршы экенин айтты. Бирок Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Акылбек Жапаров Жергиликтүү кеңешке депутат болууну каалагандардын сөзсүз түрдө жогорку билими болушу зарыл экенин билдирди. Биз бул теманын тегерегинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы жетекчиси Бакыт Рыспаев менен «Күн чекит» программасында маек курганбыз.

Марал: Жергиликтүү депутаттардын билими тууралуу ар тараптуу кайчы пикирлер айтылып жатат. Негизи эле, жергиликтүү депутаттарга жогорку билимдин кереги барбы же жокпу?

-Жергиликтүү бийликтегилердин сөзсүз жогорку билими болуш керек деген маселе эмне үчүн мындай ача пикир болуп жатат? Элдин көбү  жогорку билимдүү адам келсе жакшы болот деп айтып жатат. Бул нерсеге баары эле макул. Бирок бул жерде талапкерлигин коюп жаткан адамдан шайлоо комиссиясы аны каттаардан мурун дипломун сурап жатпайбы? Ошол диплому бар эле адам жогорку билимге ээ деген белги да. Ошол эле кезде эл аны жогорку билимге ээ деп кепилдик бере алабы? Кыргызстандагы билим берүүнүн сапаты, ал эле эмес паспорттордун туура эмес багытта туш келди берилип жатканы айдан ачык эле көрүнүп турат. Эгерде биз жергиликтүү шайлоодо бир гана жогорку билими бар эле адамдар талапкерлигин коё алат десек, талапкерлердин арасында ар кандай адамдар бар да. Кээ бири 11 класс билими менен эле окуусун уланткан эмес же 9-класстан кийинки училище же колледждерден билим алгандар жана 5 жылдык жогорку билими барлар да бар. Диплом ала албагандар тууралуу айтсам, кээ бири ошол айылда өмүр бою жашап, ал жактын саясатын ташынан-тамына чейин билгендер бар да. Билим алууга каржат, шарт болбой калып калгандарды кантебиз анда? Эмне үчүн биз алардын конституциялык укугун кыркып коюшубуз керек? Маселен, мыйзамда  ар бир жаран шайлоого жана шайланууга укугу бар деп жазылуу. Биз анда жалаң гана жогорку билимге ээ болгон адамдар гана депутаттыкка шайланыш керек десек, мыйзамды толугу менен бузуп жатпайбызбы. Кыргызстанда 8656 жергиликтүү депутат бар экен. Алардын 40%ы орто билимдүүлөр, ал эми 60%ы жогорку билимдүүлөр экен. Ошон үчүн бул маселени карап жатканда Конституцияны да эске алсак. Менин оюмча, жогорку анан орто билим дебей, адамдар талапкерлигин коё беришсин, өткөндөрү кийин 1 айлык атайын окуудан өтүшсүн.  

Марал: Негизи, депутаттар талапкерлигин коюп жатканда эмне маанилүү болушу керек? Алардын кандай артыкчылыктарына басым жасашыбыз керек?

-Менин оюмча, депутаттарды эл шайлайт. Эл деле талапкерлигин жөн жерден шайлай бербейт да. Айылдын адамы болгондон кийин анын кандай адам экени, буга чейинки жасаган иштери, проблемаларды кандай чече аларын карап, баамдап деле шайлашат да. Менин жеке пикиримде, ким кайсы айылдан чыкпасын, ал ошол аймакты канчалык деңгээлде өнүктүрө алат? Сугат маселеси, жер бөлүштүрүү, түшүм учурундагы техникалык жетишпестиктер жана тартип маселесин мыкты билген адам гана депутат болуп шайланышы керек. Жогорку билимдүү деп дайындап алып же ал айылдын саясатын билбей элди азапка салганча иштин көзүн тапкан адам гана шайланышы керек. Анан, албетте, атайын окуудан өтүп, мамлекеттик кызматтардагы мыйзамдарды, этиканы үйрөнүп алышы керек болот. Анткени келген адам инженер болуп, ошол тармакты чакканы менен, мыйзамдар да жашоодо чоң роль ойнойт эмеспи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM