Биз менен байланышыңыз

ТИМ башчысы Францияда жашаган мекендештер менен жолугушту

Кыска кабар | 20 Ноя 2019 | 394 | 0

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков кечээ, 19-ноябрда Францияда жашаган мекендештер менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат департаменти билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин иши маанилүү багыт болуп саналарын белгиледи.

Францияда жүргөн Кыргызстандын жарандарына консулдук-укуктук колдоо көрсөтүү маселелери, кыргыз-француз мамилелери жана эки тараптуу кызматташуунун келечектүү багыттары боюнча пикир алмашылды.

Чет өлкөдөгү мекемелердин консулдук ишмердүүлүгүн оптимизациялоонун алкагында Министрлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер жана мекендештер менен байланышуу боюнча Президенттин алдындагы кеңештин ушул жылдын август айында өткөн жыйынынын жыйынтыктары тууралуу маалымат берилди.

Кыргызстандын Париж шаарында жакынкы убакытта дипломатиялык өкүлчүлүгүн ачуу боюнча Өкмөттүн жүргүзүп жаткан иши министр тарабынан өзгөчө белгиленди.

Жолугушууга ошондой эле, Маданият, маалымат, туризм министри Азамат Жаманкулов да катышты.

Copyright © 2017 Maral FM