Биз менен байланышыңыз

Молдокматов: «Альтернативдүү Айыл чарба министрлигин түзүүнү сунуштайм»

Кыска кабар | 19 Ноя 2019 | 450 | 0

«Замандаш» саясий партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ишине баа берүү боюнча Бишкекте өтүп жаткан коомдук угууда альтернативдүү Айыл чарба министрлигин түзүүнү сунуштады:

-Коомдук угуу өз максатына жетти деп ойлойм. Айтылган сунуштар протоколдун негизинде ЖКга киргизилет, парламентте да угуу өткөрүүгө аракет кылалы. Биз — дыйкандар, министрликтин өкүлдөрү бири-бирибизге кас эмеспиз. Баарыбыздын мекенибиз бир. Коомдук угуунун катышуучуларына терең ыраазычылык билдирем,  -дейт Молдокматов.

Ал мындан сырткары, алдыда эффективдүү иш алып барбай жаткан министрликтердин ишмердүүлүгү боюнча да коомдук угуу өткөрүү зарыл экенин белгиледи. Ошондой эле, альтернативдүү өкмөт түзүү аркылуу өнүгүүгө салым кошсо болору тууралуу айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM