Биз менен байланышыңыз

Саматов: «Фермерлерди саясатка аралаштырбагыла»

Кыска кабар | 19 Ноя 2019 | 714 | 0

Фермерлердин статусун өзгөртүү зарыл. Аларды саясатка аралаштырбоо керек. Бул тууралуу фермер, техника илимдеринин кандидаты Манас Саматов Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ишине баа берүү боюнча коомдук угууда:

-Биздин башкаруу системабыз өзгөрмөйүнчө жылыш болбойт. Өлкөнү шайланбай келген кишилер башкарып, депутаттык мандаттарды сатууда. Фермердин акчасы жок болгондуктан парламентке келе албай жатат. Кыргыз эли, көзүңөрдү ачкыла, көчөдөгү бандиттердин праламентке келүүсүнө жол бербейли, — деди Саматов.

Анын пикиринде, кышка даярдаган кесек тоюттун сапаты начар. Демек, мал чарбасы бул багытта артта калды. Айыл чарбасын жетектөөгө мыкты адистер керек.

Саматов буга кошумча Бажы биримдигин «быжы биримдиги» деп сыпаттады.

-Кыргыз фермерлери эмне үчүн ЕАЭБдин чечими менен жашашыбыз керек? Мен буга каршымын. Бажы биримдигинин «дааватчылары» эл алдында жооп бериши керек. Айыл чарба министрилигине сөз жок, анткени система өзгөргөн жок, — дейт Саматов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM